АРКАР ЭМЧЕК, АКЫЛГӨЙ ТАРАЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бала-бакыралуу болуп турса да, келин кездеги келишимдүү келбетинен, керилген сымбатынан кетпеген, асылдыгынан тайбаган, атына заты төп келген, тараза боюна кийген кийими жарашкан, адеби, мамилеси жүрөктү жылыткан, эстүүлүгү, тунуктугу бөтөнчө ургаачыны илгери ушинтип кайберендин ыйыгы аркарга теңешип, ушундай аташкан. Улуу кол башчы...черин таратып келгенден кийин эле,... аркар эмчек, акылгөй тараз канышасы, бектери, бийлери, жөнбилги кеңешчилери менен, кайтарып берди (Субанбеков).